Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Чоң-Алайдагы эл тынчсызданууда

Кыска кабар | 5 Июн 2021 | 267 | 0

Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы Унжу-Булак аймагында абал тынч. Кооптуу абалга байланыштуу жергиликтүү эл эвакуацияланып, коопсуз жайга көчүрүлгөнү менен алар дагы деле коркуп, тынчсызданууда. Бул тууралуу «Маралга» жергиликтүү жарандар билдиришүүдө.

«Абал тынч болуп калды. Бирок биз аябай коркуп жатабыз. Кечээ баарын көчүрүп, коопсуз болгон жерге алып барышты. Айрымдары мектептерде, лицейлерде жайгаштырылса, кээ бирлери жакын туугандарыныкына барышты. Баары жардам берип, гуманитардык жардам дагы келип жатат. Биз дагы тамак жасап аскерлерге алып барып, жардам берип жүрөбүз», — дешти жергиликтүү жарандар.

Алардын айтымында, Чоң-Алай районунун акими Темирболот Абыкеев Унжу-Булак аймагына кечээки кундөн бери келбей, байланышка чыкпай жатат.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын Министрлер кабинети кечээ, 4-июнда саат 03:00дө Тажикстандын аскерлери Кыргызстандын аймагына миң метр кирип, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак мамлекеттик чек арасынын тактала элек бөлүгүнө контейнер орнотконун билдирген.

Муну менен тажик тарап чек арадагы кырдаалды курчутту. Өкмөттүн билдирүүсүндө бул жакшы коңшулук жана достук мамилелерге туура келбей турганы белгиленет.

Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Абдулат Мырзаев кырдаалды жөнгө салуу үчүн аталган аймакка барышкан. Анда Ташиев Тажик тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM