Биз менен байланышыңыз

Чоң-Алай: Кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу

Кыска кабар | 5 Июн 2021 | 356 | 0

Ош облусунун Чоң-Алай районуна карашту Унжу-Булак жергесиндеги кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал бүгүн, 5-июнь саат 09:00го карата салыштырмалуу туруктуу деп бааланууда. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, түн тынч өттү, жаңжал катталган жок. Абалды жөнгө салуу боюнча бардык чаралар көрүлүп жатат.

КЧек ара кызматынын мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан бөлүмдөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөдө

Copyright © 2017 Maral FM