Биз менен байланышыңыз

Орхан Инандыны издөө: Бийлик колунан келгенин жасаган сыяктуу болуп жатат

Коом , Кыска кабар | 4 Июн 2021 | 2180 | 0

«Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инандынын жоголушуна байланыштуу митинг бүгүн да уланды. Ага 800дөй жаран катышты. Төрт күндөн бери изделип жаткан Инанды боюнча бир да маалымат айтыла элек. Бул белгисиздик нааразычылыктарды пайда кылууда. Бүгүн тынчтык митингине коомдук ишмерлер, жарандык активисттер келип, президентке кайрылуу жасашты. 

Маршруттук такси токтоп, шаар ичинде жүрүү кыйындаганына карабай, үч күндөн бери уланып жаткан тынчтык митингине катышкандардын катары күн сайын көбөйүп баратат. Демейдеги башка митингдерден айырмаланган бул акция уюшкандыкта, тынч өтүүдө десек болот. Митингге катышкандар: негизинен билим берүү тармагынын өкүлдөрү, «Сапаттын» мугалимдери, студенттери, бүтүрүүчүлөрү жана алардын ата-энелери. Алар Өкмөттөн жана укук коргоо органдарынан Орхан Инандыны таап, үй-бүлөсүнө кайтарып берүүнү талап кылууда.

Митингде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун уулу, мурдагы Тышкы иштер министри Аскар Айтматов да сөз сүйлөп, Орхан Инандынын жардамы менен түзүлгөн «Сапат» мекемелери эн мыкты билим очогу болуп саналарын белгиледи.

«Сапат» билим берүү мекемеси Кыргызстандагы эң мыкты мектеп болуп саналат. Бул — Орхан Инандынын сиңирген эмгеги. Ал — менин досум, мен үчүн анын жоголушу чоң кайгы. Жакында аман-эсен табылат деп ишенем», — деди ал.

Ал эми Президенттин алдындагы «Мурас» фондунун төрагасы Тынчтыкбек Чоротегиндин айтымында, уурдалган кыргыз жаранын табуу – өлкөдөгү жалпы жарандык коомдун талабы.

«Биринчиден, Орхан Инанды — Кыргызстандын жараны. Аны тезинен таап, кайтарып беришиңер керек. Бул — биздин өлкөдөгү жалпы жарандык коомдун талабы жана Өкмөттүн жоопкерчилиги. Ким кылган болсо, биздин жараныбыздан колуңарды тарткыла! Биздин өлкө көз карандысыз, биздин тынч жашообузга эч кимдин кол салууга укугу жок», — деди ал.

Бүгүнкү митинг адаттагыдай Өкмөт үйүнүн алдында башталып, андан кийин катышуучулар Жогорку Кеңештин имаратына жөө жүрүш жасашты. Андан кийин митингчилер Бириккен Улуттар Уюмунун Бишкек шаарындагы кеңсесине барышты. Алар БУУнун Кыргызстандагы өкүлүнөн Орхан Инандыны табууга көмөктөшүүнү суранышты.

Диний маселелер боюнча эксперт Эсен Өмүракунов бийлик өкүлдөрү колунан келген нерсени жасаган сыяктуу деген пикирде. Ал тиешелүү органдарга Инандыны табуу убадасын аткарбай жатканын эскертти.

«Бийлигибиз колунан келген нерсени жасаган сыяктуу болуп жатат. Эмнеге жасаган сыяктуу? Себеби төрт күндөн бери башынан аягына чейин ушул жерде жүрүп жатабыз. Бизге Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери бүгүнкү күнгө чейин кандайдыр бир изин таап беребиз деп убада беришкен. Дедлайн коюшкан. Дөңгөлөк эмне болуп жарылды? Телефон аркылуу акыркы жолу кимдер менен сүйлөштү? Кайсы жерден кандай уурдалган видеокамералар аркылуу көрүп-билип беребиз деп убада беришкен. Өздөрүнүн сөзү боюнча бүгүн баарын анализ кылып, териштирип бизге айтышмак. Бирок эч кандай маалымат берише элек», — деди Өмүракунов.

Ал эми коомдук ишмер Орозбек Молдалиев издөө иштеринин «формалдуу» жагы жакшы сыяктуу көрүнгөнү менен чыныгы натыйжа болбой жатканын айтууда.

«Президент деле көрсөтмө, тапшырма берип, «тапкыла, кармагыла» деп жатат, «формалдуу» жагынан иштер жакшы эле болгондой, бирок натыйжа жок болуп жатпайбы. «Кылмыштуу топ уурдады» деген версиялар айтылууда. Андай болууга мүмкүн эмес. Себеби кылмыштуу топ уурдаса, Инандыга кун талап кылышмак, жыйынтыгында бул маселе ошону менен эле чечилип калмак. Бул жерде айрымдар айткандай, саясий боёк бар. Биз үчүн Гүлен да, Эрдоган да — Түркиянын чыгаан жарандары. Биз үчүн экөө тең кадыр-барктуу адамдар. Алардын ички саясаты биздики менен аралаштырылбашы керек», — деди Молдалиев.

Ал ортодо агайынын изин таппай, түйшөлүп жаткан «Сапат» билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүлөрү Орхан Инандыны тапкандарга 1 млн доллар сый акы бермей болушту. Бул тууралуу митингде жарандык активист Нурсултан Майназаров билдирди.

«Агайыбыздын уурдалганына төрт күн өттү, андан бери издөө иштеринде эч кандай жылыш болгон жок. Биз бүгүн бүтүрүүчүлөр менен кеңешип, ким Орхан Инандыны тапса, ага млн доллар берели деп чечтик. Бул убадабызга турабыз», — деди Майназаров.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, Кыргызстандын жараны Орхан Инандынын жоголушунун бардык версиялары иштелип жатат. Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча күнү-түнү күчөтүлгөн тартипте тергөө, тинтүү жана ыкчам издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 7-июндагы жыйынында Орхан Инандынын уурдалышы боюнча маселени талкуулай турганы, күч түзүмдөрүнүн маалыматы угулары айтылган.

Эскерте кетсек, Орхан Инандынын табылганы тууралуу кабар келмейинче митинг токтобой турган болду.

Copyright © 2017 Maral FM