Биз менен байланышыңыз

Депутат: Бизде «Кумтөрдөн» көп акча түшүрө турган тармак бар

Кыска кабар | 4 Июн 2021 | 1237 | 0

Бизде «Кумтөрдөн» көп акча түшүрө турган тармак бар, ал – «Манас» эл аралык аэропортун чет элдик компанияга башкарууга берүү. Мындай пикири менен Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев «Маралга» берген маегинде бөлүштү.

Ал мыйзам чыгаруу органындагы 6 жылдык ишинде бир нече мыйзам долбоорун жазып чыкканын айтты. Алардын катарында «Ачык асман» мыйзамы менен «Аба кодексине» киргизилген өзгөртүү бар.

«Ачык асман» мыйзамын кабыл алдыруу үчүн 1,5 жыл жүгүрдүк. Буга чейин кыргызстандыктар дүйнөгө Стамбул же Москва аркылуу учуп келген. Азия мамлекеттерине, Европага, Кореяга, Японияга түз каттамдарыбыз жок, бирок мүмкүнчүлүк бар эле. Көптөгөн депутаттардын, коомчулуктун, туроператорлордун жардамы менен бул мыйзамды кабыл ала алдык. Бирок 1-2 рейс ачылгандан кийин пандемия башталып кетип, мыйзам толук иштебей калды», — дейт депутат.

Анын айтымында, бул мыйзам кабыл алынгандан кийин Кыргызстандын аэропортун дүйнөдөгү эң алдыңкы компанияга конкурстук негизде башкарууга берүү ниети бар болчу. Анткени «Манас» аэропортунун кызмат көрсөтүү сапаты кыйла төмөн болгондуктан, эң күчтүү компаниялар биздин аэропорттун менеджментине келмек эмес.

«Бул мыйзамды кабыл алардан мурун Сингапурга, Түштүк Кореяга, Грузияга барып, алардын тажрыйбасын үйрөнүп келгенбиз. Дүйнөдө 1-орунда турган Сингапурдун компаниясы бизге келүүгө макул болгон. Биз аларга мамлекеттик-жеке өнөктөштүк мыйзамы, же ишенимдүү башкаруу мыйзамы аркылуу аэропортту бере алмакпыз. Тилекке каршы, ишти баштаганда, аэропорттун ошол кездеги жетекчилиги, Транспорт министрлиги, Мамлекеттик мүлк фонду каршы чыгып, созуп жүрүп, акыры бийлик алмашып кетип, ошол бойдон калып калды. Эгер аэропортту дүйнөдөгү алдыңкы топ компанияга 15 жылга башкарууга  берип, «Ачык асманды» толук иштетип алсак, бизге «Кумтөрдөн» да көп акча түшмөк. Туристтер көбөймөк, алардын акчасы жөнөкөй элге кетмек», — дейт депутат.

Ал коомчулукта аэропортту тышкы башкарууга берүүдөн кооптонуу бар экенин моюндап, бул элдин өкмөткө ишеними жоктугунан болуп жатканын кошумчалады.

Буга чейин экономист Элдар Абакиров «Манас» аэропортун инвесторго берүүнү сунуштаган эле. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM