Биз менен байланышыңыз

Камчыбек Ташиев Чоң-Алайда жергиликтүү тургундар менен жолугушту

Кыска кабар | 4 Июн 2021 | 784 | 0

Жергиликтүү тургундардын айтымында, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз делегациясы Чоң-Алай районундагы бажы өткөрмө жайында чек арага жакын жайгашкан айыл тургундары менен жолугушкан.

Алардын айтымында, учурда тажик тарап менен сүйлөшүү жүрүзүүгө кеткен.

Чоң-Алай районун Кара-Тейит айылынын тургуну Исмат Султанов чек ара аймагында абал оор бойдон турганын айтат. Анын айтымында, айыл тургундарынын негизги максаты: эл-жерди коргоо жана ата-бабалардан калган жерди сактап калуу. Ошондой эле ал жергиликтүү тургундар чек арадагы күч түзүмдөрүн күчөтүү менен өзгөчө макам берип, чек араны тактап берсе жакшы болот эле дейт.

«Аккулу Тагаевич деген депутатыбыз: «Чоң-Алайда абал мына мындай, өтө кооптуу болуп жатат», — деп эскертти эле. Депутатыбызды жалганга чыгарышты. Негизи бизде да башынан эле жайыт маселеси бар. Ата-бабабыздан калган Уйлуу -Булак деген жерди алар мурдатан картага түшүрүп таштап, биздин буга чейинки бийликтегилер: «Жок, ал жер өзүбүздүкү, тиги-бу», — деп, алаксытып келишкен. Бүгүнкү күнү абал оор. Себеби алардагы кыргыздар менен биздеги кыргыздардын карым-катышы бар эле. Ошолор менен телефондон сүйлөшсөк, темир аттарынын баарын алып келип тизиптир. Аскерлери өздөрүнүн картасы боюнча турат экен. Чыңалуу аябай күчтүү. Жогорку жактан келгендер азыр эл менен жолугушту. Кыскасы, Кудай сактасын, элдин баары коркуп-үркүп отурат. Биздин жетекчилер тынчтык жолу менен сүйлөшөбүз деп алар менен жолугушууга кетти». 

Copyright © 2017 Maral FM