Биз менен байланышыңыз

Парламент жакында шайлоо жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулайт

Кыска кабар | 4 Июн 2021 | 443 | 0

Парламенттик шайлоону дайындоо боюнча мыйзам долбоору жакында Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет. Бул тууралу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жогорку Кеңештин 3-июндагы жыйынында депутат Улукбек Ормонов парламенттик шайлоонун датасын 1-июндан кечиктирбестен белгилөө маселесин көтөргөн.

Шайлоо жараксыз деп табылган учурда «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын 38 жана 63-беренелерин колдонууну токтото туруу каралган.

Мыйзамда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандыктан кайра шайлоо 1-июндан кечиктирбестен жарыяланат деп белгиленген.

«11-апрелдеги референдумда Жогорку Кеңешти түзүүнүн башка жол-жобосун караган жаңы Конституция кабыл алынды. Эми шайлоо жөнүндө тиешелүү мыйзамды иштеп чыгып, кабыл алуу керек. Анын негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өткөрүлүшү мүмкүн», — деп айтылат президенттин администрациясынын түшүндүрмөсүндө.

Жаңы Конституциянын 76-беренесине ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат.

Парламент саясий партиялардын тизмеси боюнча (55 мандат) жана бир мандаттуу округдардан (35 мандат) түзүлөт деп болжолдонууда. Эски Конституцияга ылайык, 120 мандатка депутаттар саясий партиялардын тизмеси боюнча гана шайланат.

Конституциялардагы жана мыйзамдардагы карама-каршылыктар жаңы шайлоону же кайрадан шайлоону дайындоого жол бербейт. Ошондуктан жумушчу топ шайлоо жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыккан.

Документ 2021-жылдын 29-майында президенттин сайты аркылуу коомдук талкууга коюлган. Бул мыйзам долбоору жакында парламенттин кароосуна киргизилет.

Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы жана күчүнө кириши жаңы Конституция боюнча шайлоону дайындоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

Copyright © 2017 Maral FM