Биз менен байланышыңыз

ЖК: Эл аралык комитет кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулайт

Кыска кабар | 4 Июн 2021 | 215 | 0

7-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал тууралуу Министрлер кабинетинин маалыматын угат. Бул тууралуу парламенттен кабарлашты.

Тажикстандын аскерлери 4-июнда саат 03:00дө Кыргызстандын аймагына миң метрдей кирип, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак мамлекеттик чек арасынын тактала элек бөлүгүнө контейнер орноткон.

Кыргызстандын Министрлер кабинети билдирүү таратып, Тажикстанды буга чейин кол коюлган келишимдерди бузду деп айыптады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Абдулат Мырзаев кырдаалды жөнгө салуу үчүн аталган аймакка барышты.

Буга чейин Тажикстандын аскерлери делимитация жана демаркация процесси аяктаганга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын тактала элек тилкелеринде кандайдыр бир иштерди жүргүзүүгө тыюу салуу жөнүндө макулдашууга жетишилген.

4-июнда Тажикстандын УКМКсынын басма сөз борбору кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча маалымат таратты. 

Алар Кыргызстандын чек ара боюнча жасаган билдирүүсү чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM