Биз менен байланышыңыз

Кумтөр: Президенттин басма сөз катчысы соңку камоолор тууралуу үн катты

Кыска кабар | 4 Июн 2021 | 526 | 0

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Кумтөр» иши боюнча саясатчылардын кармалышына байланыштуу комментарий берди. Билдирүү президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Эрбол Султанбаевдин айтымында, «Кумтөргө» байланыштуу камоолордо саясий куугунтук жок. Жүргүзүлүп жаткан иштерден саясий себеп издеп, тергөөнүн ар тараптуулугунан шек санаган айрым жарандардын сөздөрү негизсиз.

«Коррупция менен чыныгы күрөштүн негизги элементтеринин бири элдешкис позиция, калыстык жана мыйзамдуулуктун сакталышы болуу керек. Эл арасында алтын кенинин айланасында коррупциялык көрүнүштөр жөнүндө дайыма ачык айтылып келсе да, бүгүнкү күнгө чейин «Кумтөр» боюнча бир да терең, объективдүү иликтөө жүргүзүлгөн эмес. Коомчулуктун талабы менен учурда «Кумтөрдүн» айланасындагы бардык коррупциялык иштер ар тараптуу каралып жатат. Бул иште өлкөдөгү белгилүү адамдардын аттары да чыгып жатат. Бирок, бул жагдай тергөө иштеринин жүрүшүн токтотпошу керек. Мына ушундан улам, биздин көз карашыбызда, мыйзам алдында баарыбыз бирдей болгондуктан, бул абалга кимдин бирөөлөрдүн мурдагы эмгектерин, ээлеген кызматтарын байланыштырууга болбойт«, — деп айтылат билдирүүдө.

«Кумтөр» кенине байланыштуу мурдагы жана азыркы бир топ аткаминер кармалып, сурак берип жатышат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Кумтөргө» байланыштуу 4 кылмыш ишин тергеп жатат. Анын алкагында 31-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камалды.

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов, экс-депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев эки айга камалган.

Дагы бир мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов күбө катары көрсөтмө берди.

1-июнда Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, азыркы депутат Дастанбек Жумабеков, дагы бир эл өкүлү Максат Сабиров УКМКга сурак берип чыкты.

Буга чейин экс-премьер-министр Темир Сариев, кийинчерээк мурдагы депутаттар Турсунтай Салимов менен Сергей Ибрагимов да суракка алынганы белгилүү болгон.

Талдоочулар Жогорку Кеңештин депутаттарынын кармалышы менен Конституциянын 78-беренеси бузулуп жатканын айтышууда.

«Кумтөр»: Аткаминерлерге коюлган айып

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM