«Кумтөр» кенине байланыштуу мурдагы жана азыркы бир топ аткаминер кармалып, сурак берип жатышат. Коомчулук бул ишти аягына чыгарууну талап кылууда.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Кумтөргө» байланыштуу 4 кылмыш ишин тергеп жатат. Анын алкагында 31-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камалды.
Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен экс-депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев 48 саатка кармалган.
Дагы бир мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов күбө катары көрсөтмө берди.
1-июнда Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, азыркы депутат Дастанбек Жумабеков, дагы бир эл өкүлү Максат Сабиров УКМКга сурак берип чыкты.
Буга чейин экс-премьер-министр Темир Сариев, кийинчерээк мурдагы депутаттар Турсунтай Салимов менен Сергей Ибрагимов да суракка алынганы белгилүү болгон.
Саясатчыларды суракка чакыруу жана камоолор тууралуу алгач ачык маалымат берилбей, ЖМКлар жеке булактарына таянып жазып жатышты. Кийинчерээк гана Атайын кызмат расмий маалымат бере баштады.
УКМКнын расмий өкүлү Назгүл Кыдыралиева:
«Тергөө учурунда алынган далилдердин негизинде 31-майда Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) боюнча кылмышка шектүү делген депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровго атайын билдирме жөнөтүлгөн. Ушул эле күнү Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жээнбеков менен Зулпукаровдун баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакка алынды», — деп билдирди.
Быйыл 17-майда парламенттин жалпы жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Кумтөргө» байланыштуу тергелип жаткан иштердин бири келишимдерди кабыл алган жетекчилерге байланыштуу, калганы ошол учурда жооптуу кызматта тургандар боюнча, арасында Жогорку Кеңештин депутаттары да бар экенин айткан.
Ошондой эле Салык кызматы менен Социалдык фонд аркылуу мамлекетке түшпөй калган 1,5 миллиард сом боюнча «Кумтөр Голддун» жетекчилеринин экологияга келтирген зыян тууралуу чечимдерине байланыштуу иштер да иликтенүүдө.
Коомчулук аткаминерлерге коюлуп жаткан айыптар тууралуу ачык маалымат берүүнү талап кылууда. Себеби чоң иштердин бети ачылып, ага күнөөлүүлөр кармалганы менен ар кайсы негизде үй камагына чыгып, же бошотулуп кетип жатканы күмөн ойлорго түртөт.
«Ата Мекен» партиясынын лидери, саясатчы Өмүрбек Текебаев «Маралдын» түз эфиринде соңку камоолор тууралуу оюн билдирип, бул аракет саясий оппоненттерди тазалоого айланып кетпеши керектигин эскертти.
«2003-2009-жылкы келишимдер боюнча аларды жоопко тартууга болбойт. Тилекке каршы, кылмыштын мөөнөтү өтүп кетти».
Текебавдин берген маалыматына караганда, «Кумтөр» боюнча жооптуу аткаминерлерге буга чейин далай жолу иш козголгон, бирок алар мыйзамга таянып, жоопкерчиликтен кутулуп кетишкен. 2003-жылдагы келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген, коррупциялык, талап-тоноочулук келишим деп табылып, ар кайсы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш 5 жолу чечим кабыл алган. Бардык чечимдерде ошол келишимдерге жол берген, аны түзгөн, кол койгон чиновниктер жазасын алышы керек деп талап кылышкан. 2013-жылы 2003-жылкы келишимге кол койгон 10 чиновниктин үстүнөн иш козголуп, алар камалмак болгон. Бирок «Ар кандай кылмыш 10 жылдан кийин эскирет, он жылдан кийин адам ал кылмышы үчүн жооп бербейт» деген жобонун негизинде, 2013-жылдын 31-декабрында ал кылмышка 10 жыл толуп, иш кыскарып калган.
«Бүгүнкү камоолор алардын 2011-жылдан берки жасаган иш-аракеттери үчүн болсо керек. Жактоочулары деле билбейт экен, алар деле божомолдоп айтып отурушат. Аларды үй камагында кармап деле тергесе болмок. Бирок тергөө адилеттүү болот, күнөөсү жок болсо, түрмөдөн чыгат деп ишенгим келет», — дейт Текебаев.
Кармалган аткаминерлердин жактоочулары коюлган айыптарды четке кагып жатышат. 31-майдын кечинде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасын карап жатканда, сот имаратынын алдында алардын тарапташтары чогулуп, бошотууну талап кылышты.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев кармалган эл өкүлдөрүнүн иши боюнча ачык маалымат берилбегендиктен, коомдо күдүк ойлор бар экенин айтат. Ал эл өкүлдөрүнүн камалышын мындай божомолдоду.
— Менимче, «Кумтөр Голд» ишканасынын офистерин текшергенде кандайдыр бир каттар, же келишимдер тууралуу документтер чыгып калышы мүмкүн. Же ошол депутаттардын компаниялары мектеп курууга, жарандарга жардам берүүгө, кайсы бир иш-чараларды өткөрүүгө акчалай жардам сурашканы аныкталгандыр.
Менин оюмча, депутаттар 2012-жылы Садыр Жапаров «Кумтөр» боюнча көтөргөн демилгени кабыл албай коюшканы үчүн кармалган жок».
14-майда Жогорку Кеңеш «Кумтөр Голд» компаниясына сырттан башкаруу киргизген. Ага чейин «Кумтөр» кенинде экология мыйзамдарынын бузулганы үчүн канадалык «Центерра Голд» компаниясы мамлекетке 261 млрд 719 млн 674 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилген.
Тоо-кен адиси Дүйшөн Камчыбеков сырттан башкарууга берилген убакыт аз экенин айтып, азыркы сот процесстеринен жакшы жыйынтык күтөт.
—Азыр «Кумтөргө» тыштан башкаруу киргизилгени менен үч ай бат эле өтүп кетет. Андан кийинки жолубуз кандай болору азырынча белгисиз. Эң негизгиси, өндүрүш процесси токтобой, алтын өндүрүлүп жатат. Экология маселесине жана салыкка байланыштуу соттун чечими менен аларга 4 мрлд доллардан ашык доону койдук. Эми экинчи инстанция калды: Бишкек шаардык соту чечим чыгаргандан кийин ал күчүнө кириши керек. Ошол эле учурда «Центерра» бизди эл аралык сотко берип жатат. Ал жерде кандай чечим кабыл алынары суроо бойдон турат. Ошондуктан же сүйлөшүү жолуна барсак, экологиялык зыянды төлөтүп, долбоордогу үлүшүбүздү көбөйткөнгө, же колдон келсе толугу менен алып алганга аракет кылышыбыз керек.
«Кумтөр» кенин иштетүү боюнча келишимдерге кол койгон мурдагы жана азыркы аткаминерлерге юридикалык баа берүүнү депутат Акылбек Жапаров демилгелеген. Ал — «Кумтөр» кениндеги ишмердүүлүктү иликтеген мамлекеттик комиссиянын жетекчиси. Аталган комиссия февралда түзүлгөн, ноябрга чейин иштейт.
Комиссия ошол убактагы Экотехинспекциянын башчыларын, Салык инспекциясынын жетекчилерин, «Центерранын» директорлор кеңешинин Кыргызстандагы мүчөлөрүн, «Кыргызалтын» ишканасынын директорлор кеңешинин төрагаларын жоопкерчиликке тартууну сунуштаган.