Connect with us

Шайлоо: Бишкекте мыйзам бузуулар тууралуу кайрылуу түшө баштады

Кыска кабар | 4 Июн 2021 | 275 | 0

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына борбор калаанын Шаардык кеңешинин иштеп жаткан депутаттары жана депутаттыкка талапкерлер тарабынан жүргүзүлүп жаткан кайрымдуулук иш-чаралары тууралуу билдирүүлөр келип түшүүдө. Бул тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы кабарлады.

Мекеме түшкөн маалыматтардын баары жазылып жатканын, кийинчерээк тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдирди.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы саясий партияларды, талапкерлерди мыйзамды бузбоого чакырат.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга ылайык талапкерлер, алардын жакын туугандары, талапкердин жубайы, саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тарта, шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укугу жок.

Мындан тышкары шайлоочуларга акча каражаттарын төлөп берүү, белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшыруу, товарларды жеңилдетилген баада сатуу, саясий партиянын символун, талапкердин сүрөтүн камтыган басылма үгүт материалдарын, төш белгилерди, футболкаларды, баш кийимдерди, моюн орогучтарды албаганда, ар кандай товарларды акысыз таркатуу, акысыз же жеңилдетилген шартта кызмат көрсөтүүгө тыюу салынат.

Жарандар шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин бузууга күбө болушса 0500 382426 телефону (WhatsApp) боюнча Бишкек АШКнын ыкчам чара көрүүчү координациялык тобуна билдирсе болот.

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайра шайлоо 11-июлга дайындалган.

Үч шаарда шайлоого даярдык башталды

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM