Бүгүн, 4-июнь күнү да Бишкекте маршруттук таксилердин айдоочулары каттамга чыккан жок. Алар 2-июнда иш ташташкан.
Айдоочулар жол кирени 10 сомдон 15 сомго көтөрүүнү суранып жатышат. Жол кире маселеси чечилгенге чейин шаар тургундарына кыйын кырдаал жаралды.
Борбор калаадагы коомдук транспорт маселеси боюнча 3-июнда парламенттин депутаттары да тынчсызданып, маселени чечүүнү Өкмөттөн талап кылышты.
Бишкек мэриясы жол кире маселеси чечилгенге чейин шаардыктарга акысыз автобус каттамдарын уюштуруп жатат:
-Ички иштер министрлиги жана Коргоо министрлиги тарабынан берилген автобустар №100 каттамда жүргүнчү ташууда;
-«Алга» футболдук клубу берген 18 орундуу автобус жана «Оптима Банктан» берилген автобус шаардыктарды №214 багыты менен ташыйт;
-№240 маршрут менен Батыш автобекетинин жана «Мадина» базары тарабынан берилген эки автобус каттоодо;
-№211 багытта шаар тургундары берген автобус каттоодо;
-Ахунбаев көчөсү, Чүй, Манас проспектилери, Байтик Баатыр көчөсү аркылуу Данияр Өмүрзаков аттуу активист тарабынан берилген 4 автобус каттоодо.