Биз менен байланышыңыз

Чоң-Алай: Кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалуу бойдон турат

Кыска кабар | 4 Июн 2021 | 1262 | 0

Кыргыз-тажик чек арасында абал кайрадан чыңалды. Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, Чоң-Алай районуна караштуу Унжу-Булак айылында бүгүн, 4-июнь саат 06:00гө карата абал курч бойдон калууда.

«Тажик тарап түнкү саат 03:00дө Кыргызстандын аймагына кирип, Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагындагы чек аранын топографиялык иштер боло элек тилкесине контейнер коюшту. Саат 6:00гө карата тажиктер орнотулган контейнерден 600 метр алыстап кетишти.

Кыргыз тарап кырдаалды эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрүнүн деңгээлинде жөнгө салуу боюнча чараларды көрүп жатат, бирок Тажикстандын чек ара өкүлдөрү телефон чалууларга жооп бере элек. Мамлекеттик чек ара кызматы күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү», — деп билдирди чек ара кызматы.

Copyright © 2017 Maral FM