Биз менен байланышыңыз

Күнгө катуу күйүп калганда эмне кылуу керек? Адистен кеңеш

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Июн 2021 | 681 | 0

Республикалык тери венерологиялык борборунун жогорку категориядагы дарыгери Жанболот Бейшебаев күнгө катуу күйүп калган учурда эмне кылуу керектигин айтып берди.

Анын айтымында, күйүк алганда, адамдын териси аябай кургап калат. Мындай учурда денеге нымдуу салфетка коюу зарыл. Күндүн нурунан качыш керек. Парацетамол, аспирин сыяктуу дарыларды ичүү шарт. Күйгөн жерге гидрокортизон кремин, же алое кремин сүйкөсө болот.

Адам сууга түшүп чыккандан кийин сүрүнбөй койсо, денедеги суу ультрафиолеттин денеге өтүүсүнө шарт түзөт. Ошон үчүн көлгө барган алгачкы күндөрү суудан чыгар замат сүлгү менен сүрүнүп туруш керек.

Эң башкысы, күйүп калуунун алдын алуу үчүн күндөн коргоочу кремдерди алдын ала сүйкөнүш керек.

Дарыгер: Кыргызстандыктар күндөн коргонуу үчүн SPF 20-30 колдонсо жетиштүү

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM