Биз менен байланышыңыз

Дарыгер: Кыргызстандыктар күндөн коргонуу үчүн SPF 20-30 колдонсо жетиштүү

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Июн 2021 | 450 | 0

Кыргызстандыктар күндөн коргоо фактору 20-30 болгон кремдерди колдонсо болот. Бул тууралуу Республикалык тери венерологиялык борборунун жогорку категориядагы дарыгери Жанболот Бейшебаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Дүйнөлүк стандарт  боюнча алганда, адамдар терисинин өңүнө жараша 6 түргө бөлүнөт. 1-2-3 түрдөгүлөр ак, сары терилүү адамдар. Алар күндөн коргоочу фактору 50дөн жогору (SPF 50) кремдерди колдонушу керек. Анткени аларда меланин пигменти аз, күнгө катуу күйүп калышы мүмкүн. Акыркы 6-түр  — африкалыктар. Алар күнгө оңой менен күйүшпөйт.

«Биз, кыргыздар 4-5-категорияга киребиз. Биздин тери күн нуруна чыдамдуураак келет. Андыктан, коргоо фактору 20-30 болгон кремдерди колдонсок болот», — дейт ал.

Анын айтымында, кремди күнгө чыгардан 20-30 мүнөт мурун денеге, бетке сыйпаш керек. Мурундун үстү, чеке, ийин, сандын астыңкы бети бат күйгөндүктөн, ошол жактарга да сыйпоо зарыл. Көлдөн эртең менен бир, түштөн кийин бир колдонуу жетиштүү. Эгер суудан чыккан адам душка чайынган болсо, анда кайра крем коюу зарылдыгы келип чыгат.

Күндөн коргоочу кремди Бишкекте жүргөн жарандар деле денесинин ачык жерине сүйкөп жүрсө болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM