Биз менен байланышыңыз

Орхан Инанды табылмайынча митингдер улана берет

Коом , Кыска кабар | 3 Июн 2021 | 2117 | 1

«Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын дайынсыз жоголгонуна 3 күн өтсө да, ал тууралуу бир да маалымат айтыла элек. Бул белгисиз жагдайга тынчсызданган жарандар бүгүн да тынчтык митингине чыгышты.

Алар депутаттардан, милиция кызматкерлеринен издөө иштери боюнча маалыматтарды жашырбай, ачык айтууну талап кылууда. Бүгүнкү Өкмөт үйүнүн алдында чогулган 500дөй адам Ак үйгө чейин барды. Жыйынтыгында катышуучулардын 5 өкүлү депутаттар менен жолугууга мүмкүнчүлүк алды. 

Митингге «Сапат» билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү, ата-энелер жана бардык тынчсызданган жарандар катышты. Алардын айтымында, Орхан Инанды Кыргызстандын билим берүү системасына олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизип, салым кошуп, ийгиликтүү бүтүрүүчүлөрдү тарбиялоого өмүрүн арнаган. Орхан Инандынын дайынсыз жоголушу өлкөнүн билим берүү системасына доо кетирет.

«Менин 4 балам «Сапатта» окуду. Канчалаган билим берүү мекемелерин көрүп жатабыз. Ал жерде балдардын ынтымагы жок, урушуп, мушташып да кетишет. Ал эми «Сапатта» балдарды такыр башкача окутат. Тамак-ашы жакшы, ичи таза, балдарыбызды аябай жакшы тарбиялашат. Ошондуктан балдарыбыз ушундай билим берүү мекемесинде билим алып жатканына көңүлүбүз ток».

«Бул окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү ийгиликтүү инсандар экенин көрүп жүрөбүз. Дүйнөлүк олимпиадаларга мыкты окуучуларды чыгарып, алдыңкы орундарга ээ болуп келишет. Чет өлкөгө акысыз окууга жиберишет. Ошондуктан сөзсүз Орхан Инанды табылышы керек, антпесе өлкөнүн билим берүү системасына терс таасирин тийгизет».

Чогулгандар эл өкүлдөрүнөн болуп жаткан окуяны күн тартибине киргизип, дыкаттык менен көзөмөлдөөнү өтүнүштү. Жыйынтыгында депутаттар катышуучулардын 5 өкүлүн кабыл алып, алардын оюн укту. Жарым сааттан кийин алар менен кошо 3 депутат сыртка чыгып, бул маселе тыкыр көзөмөлдөнүп жатканын билдиришти. «Сапат» билим берүү мекемесинин башкы директорунун орун басары Амирбек Султанмуратов Жогорку Кеңеште ким менен жана эмне тууралуу сөз болгонун айтып берди.

«Жогорку Кеңешке 5 киши болуп кирип чыктык. Комитеттин төрагасы жана юридикалык маселелер боюнча парламенттин жооптуу өкүлү бизди кабыл алды. Биринчи биздин маселелерди угушту. Кандай талаптарыбыз бар экенин, эмне маселе менен кайрылып жатканыбызды сурашты. Биз жооп берип, баарын айттык. Алар Орхан Инандыга байланыштуу маселени күн тартибине киргизип, тиешелүү кызматтагы адамдардан талап кылып, акыр аягына чейин күрөшөрүн маалымдашып, бизди ишендиришти», — деди Султанмуратов.

Жарандык активист Нурсултан Майназаров буга чейин Түркия мамлекети башка өлкөлөрдөгү «Сапат» билим берүү мекемелеринин өкүлдөрүн уурдап качканын эскертип, азыркы тапта шектүүлөрдүн катарында эң биринчи Түркия элчилиги турат деген ойдо. Майназаров бийлик өкүлдөрүнөн, Тышкы иштер министрлигинен жана издөө иштерин аткарып жаткан органдардын өкүлдөрүнөн 3 күндө кандай натыйжалуу иштер аткарылганы боюнча маалымат берүүсүн талап кылды.

«Баарына белгилүү болгондой, Түркия мамлекети башка өлкөлөрдөгү «Сапат» билим берүү мекемелеринин өкүлдөрүн уурдап качкан. Бул жөнүндө маалымат дүйнө жүзүнө кенен жайылган. Шектүүлөрдүн сап башында Түркия элчилиги турат. Ошондуктан бийлик өкүлдөрүнөн, ошондой эле Руслан Казакбаевден да натыйжалуу иш алып баруусун суранабыз. 3 күндө кандай иштерди алып бардыңар? Кандай жаңы маалыматтар бар? Ушул суроолорго жооп берип, ачык айтып коюшса жакшы болмок», — деди Майназаров.

Чогулган адамдардын алдына Жогорку Кеңештин 3 депутаты чыкты. Алардын бири Нурбек Тотонов маселе депутаттардын күн тартибине коюлганын белгиледи. Анын айтымында, азыр депутаттардын баары бул маселе боюнча тынчсызданууда. Орхан Инанды кыргыз жараны болгондуктан мамлекет тарабынан күчөтүлгөн көзөмөлгө алынышы керек.

«Бул маселе күн тартибине киргизилди. Азыр бардык депутаттар сиздер менен кошо тынчсызданууда. Орхан Инанды кыргыз жараны болгондуктан мамлекет коопсуздугун көзөмөлдөп, маселени чечип бериши керек. Азыр бардык тараптан иштер жүргүзүлүп жатат. Маселе биздин көзөмөлүбүздө турат», — деди Тотонов.

Мындан тышкары бүгүн «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү, президенти Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды маалымат жыйын өткөрүп, президенттен жана укук коргоо органдарынан жубайын издеп табуу иштерин тездетүүнү суранды.

Анын айтымында, Орхан Инандынын жеке жан сакчысы болгон. Бирок ал аны күндүз гана кайтарган. Орхан Инандынын 85 жаштагы апасы бар. Азырынча ага уулунун жоголгону тууралуу айтыла элек.

«Кыргызстан — биздин мекенибиз. Жубайым Кыргызстанды аябай жакшы көрөт. Аны тааныгандар муну жакшы билет. Президенттен, Кыргызстандын жетекчилеринен Орханды таап берүүсүн суранам! Аны күткөн көп киши бар.

Кечки маал жан сакчысын көп колдончу эмес. Ал өзүн Кыргызстанда коопсуз сезгендиктен аны керектүү деп эсептечү эмес. Мен да коркпойм. Жубайым 3 күндөн бери дайынсыз болуп жатканына карабай, өзүмдү Кыргызстанда коопсуз сезем», — деди Рейхан Инанды.

Эскерте кетсек, Орхан Инандынын табылганы тууралуу кабар келмейинче митинг токтобой турган болду.

Copyright © 2017 Maral FM