Биз менен байланышыңыз

Балбак Түлөбаев маршрутка айдоочуларына кайрылды (видео)

Кыска кабар | 3 Июн 2021 | 912 | 0

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Балбак Түлөбаев маршруттук таксилердин айдоочуларына кайрылды. Анын видео кайрылуусу Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Балбак Түлөбаев жол киреге байланыштуу маселени мэр чече албай турганын, шаардык кеңеш шайланып келгенден кийин гана чечилерин айтты. Айдоочуларды ага чейин элди кыйнабай, иштеп турууга чакырды.

— Бишкек шаардык кеңеши шайланып келсе, май айында маршруткаларга жол кире акысын 15 сомго, мектеп окуучулары менен пенсионерлер үчүн 10 сомго деп сүйлөшкөнбүз. Бирок май айында шаардык кеңеш шайланбай калды, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Жол кире боюнча токтомдорду мэрия баарын даярдап койгон. Экономика министрлигинин анализинен өткөн, бир-эки айдан бери сайтта илинип турат. Эми шаардык кеңеш келгенге чейин кичине күтүп турбайсыздарбы? Депутаттар шайланып келсе, эң биринчи ушул маселени карайт деген ойдобуз. Мен сиздерден өтүнөм, азыркы мэр деле мурунку айтылган сөздөрдүн артынан келе жатат, Азыркы мэр деле эч нерсе кыла албайт, себеби шаардык кеңеш жок, тарифтин көтөрүлүшүн шаардык кеңештин депутаттары кабыл алышы керек. 

Бүгүн, 3-июнда да Бишкектеги жүргүнчү ташыган маршруттук таксилер каттамга чыккан жок. Алар 2-июнда иш таштаган.

Депутат маршруттук каттамдарды иштеткен фирмалардын ээлерин кармоону сунуштады

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM