Биз менен байланышыңыз

Депутат маршруттук каттамдарды иштеткен фирмалардын ээлерин кармоону сунуштады

Кыска кабар | 3 Июн 2021 | 3424 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Бишкекте маршруттук каттамдарды иштеткен ортомчу фирмалардын лицензиясын алып салууну сунуштап, аларды «эл душманы» атады.

Депутат жаңыдан тендер жарыялап, каттамдарды башкаларга берүүнү туура көрөт.

«700 автобусту бекер алып келели, бизге линия бергиле» деген инвесторлор бар, бирок мэрия ага макул болбой жатыптыр. Азыр каттамга чыкпай жаткандардын лицензиясын алып ошолорго берип, маселени чечиш керек. Бул премьер-министр өзү кирише турган маселе болуп калды. Эми ультиматум менен жашай турган заман эмес, мамлекет болгондон кийин мамлекет болуу керек. Ошол 5-6 компаниянын лицензиясын катуу эле тартып алсак, керек болсо кармайлы, келиңиздер, «кармалды» деп сүрөттөрү менен кошо элдин душманы катары чыгарып коелу. Андан сырткары мэриядагы жооптуу кызматкерлер ушундай абалга алып келгени үчүн бүгүндөн калбай кызматтан алуу керек». 

Маматалиевдин маалыматында, Еразия өнүктүрүү жана турукташтыруу банкынын линиясы менен 300 жаңы троллейбус алып келүү боюнча тендер бир жылдан бери токтоп турат.

«Бүт тийиштүү мыйзамдарды кабыл алып бергенбиз, бир жылдап тендер өткөргөнүбүз уят да. Ошол тендерди кайра батыраак ишке ашыруу керек. Мэрия жол кире маселесин чече албай жатса, ыктыярчылардын элге жардам берүүсүн уюштуруп берсин. Жол кире маселесине өкмөт башчы жана парламент киришпесе болбой калды. Маршруткалар бүгүн  каттамга чыгышы керек», — деди депутат.

Бүгүн, 3-июнда да Бишкектеги жүргүнчү ташыган маршруттук таксилер каттамга чыккан жок. Алар 2-июнда иш таштаган.

Бишкек шаарында үч миңден ашуун маршруттук такси элди тейлейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM