Кыргызстан дүйнө жүзү боюнча мобилдик интернеттин оңойлугу жана баасынын төмөндүгү боюнча 2-орунда турат. Бул тууралуу инвестиция тартуу жана курулуш тармагындагы талдоочу Улукбек Турдубеков «Маралга» берген маегинде билдирди.
Мобилдик интернет дегенде, бул — Инстаграм менен Whatsapp. Ал эми соода жүгүртүү үчүн андан да күчтүү интернет, күчтүү маалыматтык-коммуникативдик технологиялар керек. Бул жаатта Кыргызстан дүйнөдө 180 мамлекеттин ичинен 100-орунда турат.
«Ал эми интернеттин камтуусу боюнча Кыргызстан Борбор Азиядагы 5 өлкөнүн ичинен 3-орунда турат. Биздин астыбызда Казакстан менен Өзбекстан бар», — дейт ал.