Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Мурдагы президенттерди да жоопко тартышыбыз мүмкүн

Кыска кабар | 2 Июн 2021 | 891 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев «Кумтөр» кенине байланыштуу ачылган кылмыш ишинин алкагында айрым мурдагы президенттер да кармалышы мүмкүн экенин айтты.

Ал бул тууралуу 2-июнда Жалал-Абадда иш сапары менен жүргөндө журналисттерге билдиргенин «Азаттык» жазды.

«Кумтөр» кенине байланыштуу ачылган кылмыш ишинде эч кандай саясий куугунтук же жердешчилик жок. Биз ошол окуяга тиешеси барлардын баарын жоопкерчиликке тартууга милдеттүүбүз, ошону аткарып жатабыз. Ал жерде көптөгөн мурдагы премьер-министрлер, спикерлер, депутаттар, мамлекеттик чоң кызматтарда иштегендер да бар. Керек болсо, мүмкүн, биз кээ бир мурда иштеп кеткен президенттерди да жоопко тартабыз. Себеби алардын түздөн-түз тиешеси бар. «Кумтөрдү» 25 жылдан бери талап-тоноп, интригаларды уюштуруп, мамлекеттик чиновниктер «марионетка» болуп калышканын эл көрдү, эми мындайга жол берилбейт», — деди Ташиев.  

31-майда «Кумтөр» кенине байланыштуу ачылган кылмыш ишинин алкагында мурдагы жана азыркы бир канча аткаминер кармалган.

Copyright © 2017 Maral FM