Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда доллардын курсу 85 сомго чыгууда

Кыска кабар | 2 Июн 2021 | 303 | 0

Кыргызстанда 2-июнга карата АКШ долларынын кыргыз сомуна карата курсу жогорулаганы байкалды. Учурда коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 доллар 84 сом 51 тыйындан сатып алынып, 84 сом 87 тыйындан сатылууда.

Улуттук банктын расмий курсу 84 сом 37 тыйын деп белгиленди, кечээкиге салыштырмалуу 90 тыйынга өстү.

Өткөн жумада өлкөдө доллардын курсу бир аз төмөндөп, 82 сомго түшкөн эле.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM