Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Пирматов 31-июлга чейин камакта калтырылды. Мындай чечимди 2-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.
Исхак Пирматов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайында кармалууда.
Пирматов 31-майда УКМКга суракка чакырылып, андан соң камакка алынган. Ал «Коррупция» жана «Мыйзамсыз баюуга» шектелүүдө.
Пирматов 28-майда депутаттык мандатын тапшырган. Ал 2015-жылы «Бир бол» партиясы менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген.