Биз менен байланышыңыз

Түркиянын элчилигинин жанында митинг өтүүдө (фото)

Кыска кабар | 1 Июн 2021 | 1068 | 0

Түркиянын Бишкектеги элчилигинин астына ондогон жарандар чогулуп, дайынсыз жоголду делген Орхан Инандынын табылышын талап кылууда. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз билдирди.

Түрк элчилигинин жанында чогулгандар «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү, мугалим Орхан Инандынын табылуусун талап кылууда. Алар кагаздарга «Билим бергендерге тийбегиле!», «#Табылсын»  деген чакырыктары жазып чыгышкан. Айрымдары мугалим Орхан Инандынын жоголуусуна Түркиянын ички саясатындагы пикир-келишпестиктер себеп болушу мүмкүн деген пикирлерин да билдирүүдө.

Бул митинг жана Орхан Инандынын жоголушу боюнча Түркиянын Бишкектеги элчилиги азырынча үн ката элек.

Белгилей кетсек, Түркияда 2016-жылы бийликти төңкөрүү аракети болуп, бирок ал ишке ашпай калган. Анда түрк бийлиги АКШда жашаган, түркиялык дин аалымы Фетхуллах Гүлен жана анын «Хизмет» кыймылынын колу бар деп күнөөлөп, бул кыймыл террордук уюм деп табылган. Анын алкагында «Хизмет» кыймылынын колдоосу менен ачылган дүйнөнүн ар кайсы бурчундагы «Себат» эл аралык мектептеринде эмгектенген түрк жарандарына карата да сыртынан айыптоолор тагылган. Кыргызстандагы «Сапат» (мурунку «Себат») билим берүү мекемелерин жабуу боюнча да расмий Анкара кыргыз бийлигине бир нече ирет кайрылган. Бирок ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы «Сапат» мектептеринин тагдырын чечүү мамлекеттин ички иши экенин айткан. Ушундай эле өтүнүч, экс-президент Сооронбай Жээнбеков учурунда да көтөрүлүп, бирок кыргыз бийлиги буга реакция жасаган эмес. Ал эми дин аалымы Фетхуллах Гүлен Түркиядагы бийликти төңкөрүүгө аракет кылуу ишинде анын жамаатынын катыштыгы жок экенин айтып келет.

Ал эми учурда дайынсыз жоголду делген Орхан Инанды Кыргызстанга 1995-жылы «Сапат» мектептерине мугалим болуп келген. Ал 26 жылдан бери Кыргызстанда жашап, 2011-жылы кыргыз жарандыгын алган. Толук маалымат:

Дайынсыз жоголду делген Орхан Инанды ким? (өмүр баяны)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM