Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров Экономика жана финансы министри болду

Кыска кабар | 1 Июн 2021 | 683 | 1

Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Экономика жана финансы министри болуп дайындалды.  Бул тууралуу Президенттик Админстрациянын маалымат кызматы билдирди.

Аталган кызматты ээлеп турган Улукбек Кармышаков кызматынан бошотулуп, Президенттин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Акылбек Жапаров 1964-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. 2009- жылы экономика илимдеринин доктору наамын алган. Мамлекеттик ишмер, II класстагы мамлекеттик кеңешчи, 2000-жылы КР эмгек сиңирген экономисти наамын алган. Бишкек финансы-экономика академиясын 2002-жылы бүтүргөн.

1986-1992-жылдары — ФПИде кенже илимий кызматкер, комсомол комитетинин секретары;

1992-1993-жылдары — Президенттин жана Өкмөттүн аппаратында жаштар саясаты боюнча бөлүм башчы;

1993-95-жылдары — Кыргызстан социал-демократтар партиясында жооптуу катчы;

1995-1996-жылдары — Биринчи вице премьер-министрдин жардамчысы;

1996-1997-жылдары — Президентке караштуу баалуу кагаздар рыногу боюнча улуттук комиссиянын мүчөсү;

1997-2000-жылдары — Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик башкы салык инспекциясынын инспектору, Мамлекеттик салык башкармалыгынын начальниги;

2005-2007-жылдары — Экономика жана финансы (кийин Финансы) министри;

2007-2009-жылдары — Экономика, өнүгүү жана соода министри;

2009-жылдын октябрынан 2010-жылдын апрелине чейин биринчи вице премьер-министри болуп иштеген.

Жогорку Кеңешинин үч жолку чакырылышынын депутаты болгон.

Рынок экономикасы шартында Кыргызстандын экономикалык өнү­гүү проблемалары жана экономиканы модерндештирүүгө арналган 50дөн ашуун илимий эмгектин автору.

Copyright © 2017 Maral FM