Биз менен байланышыңыз

Дастанбек Жумабеков УКМКга суракка чакырылды

Кыска кабар | 1 Июн 2021 | 712 | 0

Парламенттин экс-спикери Дастанбек Жумабеков УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттиги өздүк булактарына таянып жазды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ал «Кумтөр» иши боюнча чакырылган.

Кечээ, 31-майда «Кумтөр» иши боюнча бир нече саясатчылар суракка чакырылып, айрымдары камакка алынды. Тактап айтканда, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов «Кумтөр» иши боюнча камалды, ошондой эле депутаттар Төрөбай Зулпукаров менен Асылбек Жээнбеков эки айга УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми буга чейин экс-премьер-министр Темир Сариев суракка алынган болчу. Кийинчерээк УКМК мурдагы депутаттарды Турсунтай Салимов менен Сергей Ибрагимовду да суракка алганы белгилүү болгон.

Эскерте кетсек, 15-майда «Кумтөр Голд Компанинин» кеңселеринде тинтүү жүргүзүлгөн. Кийинчерээк тергөө иш-чаралары коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөнү белгилүү болду. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев «Кумтөр» кенине байланыштуу төрт кылмыш иши бар экенин айткан.

Компанияга тышкы башкаруучу катары Тенгиз Бөлтүрүк дайындалган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM