Биз менен байланышыңыз

Үч партия Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу ниетин билдирди

Кыска кабар | 31 мая 2021 | 752 | 0

Азыркы учурда «Өнүгүү-Прогресс», «Социал-демократтар», «Замандаш» саясий партиялары шайлоого катышуу ниетин билдирип, атайын өкүлдөрүн каттатышты. Бул тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов «Маралга» кабарлады.

Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоо 11-июлга белгиленди. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү талапкерлердин тизмелери катталгандан кийин, башкача айтканда, 20-июнда башталып, 10-июлда аяктайт.

Партиялардын тийиштүү документтери 13-июнга чейин кабыл алынат. Ага чейин съезддердин өткөрүп, шайлоо фонддорун түзүшү керек.

Кайра шайлоону өткөрүүгө бул жолу 48 миллион 344 миң сом жумшалат.

Буга чейинки шайлоодо алган добуштары жараксыз болгон партиялардын шаардык кеңештерге кайра шайлоого катышуусуна мыйзам жол берет. Бирок айрым талапкерлер боюнча учурда жетиштүү материалдар бар экенин Бишкек шаардык кеңешине Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов айтты.

«Шаардык кеңештерге өтө турган шайлоого мурдагы партияларды катыштырбай коюу деген чек жок. Бирок талапкерлер боюнча бизде өзгөчө тизме бар. Биз аны азыр ачыктабайбыз. Материалдар бар, укук коргоо органдары менен изилдеп чыгабыз. Ошол талапкерлер мурунку эле партиясы менен чыгабы же башка саясий партия менен чыгабы, же аларды партиялар өздөрү да чыгарабы, чыгарбай коеюу, бул да суроо. Катталып келгенден кийин биз коллегиалдык орган болгон үчүн кайсы талапкерди каттаса болот же болбойт деген чечим кабыл алабыз», — деди Маматов.

Быйыл 11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Бирок добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталгандыктан Токмок, Ош, Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган.

Бишкекте эң көп добуш алган Кыргызстан элдик демократиялык партиясы (НДПК), «Эмгек» жана «Ак Бата» партияларынын добуштары жараксыз деп табылган.

Copyright © 2017 Maral FM