Биз менен байланышыңыз

Экс-мэр Азиз Суракматов эки айга камакка алынды

Кыска кабар | 28 мая 2021 | 340 | 0

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов эки айга камакка алынды. Чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 28-майда чыгарды.

Суракматов УКМКнын убактылуу кармоочу жайында 28-июлга чейин камакта болот.

Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматов коррупция жана мыйзамсыз баюуга шектелип 26-майда кармалды. Атайын кызматтын маалыматына караганда, Азиз Суракматов Бишкек шаарынын мэри болуп турганда башка кызмат адамдары менен жең ичинен келишип, имараттарды, көп кабаттуу турак жайларды курууга муниципалдык жер тилкелерин алуу үчүн туруктуу коррупциялык схема түзгөн.

Териштирүүнүн алдын ала жыйынтыктарына ылайык, экс-мэрдин байлыгы 50 миллион АКШ долларына бааланды.

Мындан тышкары, мыйзамсыз алынган жер тилкелерин каттоо үчүн мэрияга караштуу ишканалардын жана курулушту көзөмөлдөө органдарынын кызматкерлерине кысым көрсөткөнү айтылды.

«Кустуруу». Экс-мэрдин байлыгы күмөн жаратты

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM