Биз менен байланышыңыз

«Кустуруу». Экс-мэрдин байлыгы күмөн жаратты

Саясат | 27 мая 2021 | 1793 | 0

Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматов коррупция жана мыйзамсыз баюуга шектелип кармалды.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов 26-майда УКМКга суракка чакырылып, андан кийин 48 саатка кармалды.

Атайын кызмат бүгүн, 27-майда Суракматовго коюлган айып тууралуу маалымат берип, ал коррупция жана мыйзамсыз баюуга шектелгенин кабарлады.

Иштин чоо-жайы

Атайын кызматтын маалыматына караганда, Азиз Суракматов Бишкек шаарынын мэри болуп турганда башка кызмат адамдары менен жең ичинен келишип, имараттарды, көп кабаттуу турак жайларды курууга муниципалдык жер тилкелерин алуу үчүн туруктуу коррупциялык схема түзгөн.

Териштирүүнүн алдын ала жыйынтыктарына ылайык, экс-мэрдин байлыгы 50 миллион АКШ долларына бааланды.

Мындан тышкары, мыйзамсыз алынган жер тилкелерин каттоо үчүн мэрияга караштуу ишканалардын жана курулушту көзөмөлдөө органдарынын кызматкерлерине кысым көрсөткөнү айтылды.

УКМКнын расмий өкүлү Назгүл Кыдыралиева факты тууралуу буларды айтты.

«С.А.Э. мэрияда жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө жетекчи кызматтарда иштеп жаткан учурунда кызматтык абалынан пайдаланып, мыйзамсыз баюу жана материалдык артыкчылыктарды алуу максатында муниципалдык кызматтын кызыкчылыгына каршы иш алып барганы такталды. Муниципалитеттин айрым кызмат адамдары жана ири курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен коммерциялык имараттарды жана көп кабаттуу турак жайларды курууга муниципалдык жер тилкелерин алуу үчүн туруктуу коррупциялык схема түзүшкөн.

Жогоруда айтылгандардан тышкары, С.А.Э. мыйзамсыз алынган муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз каттоо максатында, анын аффилирленген филиалдарына таандык, курулуш нормаларынан жана эрежелеринен четтеп курулган объектилерди киргизүүгө, муниципалдык ишканалардын жана курулушту көзөмөлдөөчү органдардын жооптуу кызматкерлерине кысым көрсөтүү менен курулуш компанияларынын өкүлдөрү көп кабаттуу объектилерди курууга уруксат алган».

УКМК Азиз Суракматовдун мүлкү тууралуу мындай маалымат таратты:

-«Елизавета» курулуш компаниясы;

-Кыймылсыз мүлктү ижарага берген «Центр Офис» компаниясы;

-«Слон» Коопсуздук жана детектив агенттиги;

-«Слон» кыймылсыз мүлк агенттиги;

-«Финанс кредит курулуш» микрокредиттик компаниясы;

-«Жаңы шаар» (Новый город) компаниясы;

-«Папа Карло» компаниясы;

-Sphere KG компаниясы;

-«Борбор курулуш»,»Борбор»,»Борбор плюс» жоопкерчилиги чектелген коомдору;

-«Ливерпуль», «Ак-Нан»,»Поларис Групп», «Юрист Риэлт Строй», «Самолет» ЖЧКлары;

-«Улитка» эс алуу жайы;

-Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы коттедждер Суракматовдун эжесине жана агасына катталган;

-Сары-Ой айылындагы эс алуу жайлары, анын ичинде «Ак-Марал» пансионаты Суракматовдун жубайына катталган.

Азиз Суракматов Бишкек шаарына 2018-2020-жылдары мэр болгон. Былтыр октябрда бийлик алмашкандан кийин өз каалоосу менен иштен кеткен.

Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоодо Кыргызстан элдик демократиялык партиясын түзгөн. Бул шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Жакында кайра шайлоо өткөнү жатат.

Суракматов мэрияга келген маалда коомчулукта анын байлыгы, курулуш компаниялары тууралуу сөз болгон.

Шаардык кеңештин мурдагы төрагасы Канатбек Музуралиевдин айтуусуна караганда, экс-мэр кызматка келгенде өзүнүн бир топ ыйгарым укуктарын орун басарларына өткөрүп берген.

Ал өзүнүн көп иштерин, жер, транспорт маселелери боюнча кол коюу укуктарын вице-мэрлерге берип таштаган (делегировать). Бирок ал калаа башчысы катары ар бир кылган ишке жооп берерин мен ошондо да айткам. Анткени алар оозеки түрдө мэр менен макулдашмайынча эч бир келишимге кол койбойт.

Бишкектин мэрлерине байланыштуу кылмыштуу иштер буга чейин да катталган. Мисалы, 2008-2010-жылдары мэр болгон Нариман Түлеев кызматта турганда Кытайдан автобустарды арзан баада алып келгени жана таштанды тазалоочу унаадарды сатууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн 11 жылга соттолгон.

Андан кийин 2014-2016-жылдары борбор калааны башкарган Кубанычбек Кулматов мектептин мыйзамсыз курулушу боюнча айыпталып, кийин үй камагына чыккан.

Дагы бир мэр Албек Ибраимов муниципалдык жерди берүүдөгү коррупция, мектептин курулушундагы жемкорлук, «Дастан» ишканасындагы каражатты коротуп салганы боюнча күнөөлөнүп, 15 жылга кесилген. Ал октябрдагы башаламандык учурунда абактан бошотулуп, качып кеткен. Күч органдары ага издөө жарыялаган.

Былтыр октябрда бийлик алмашкандан кийин Бишкектин мэрлик кызматы Балбак Түлөбаевге буюрган.

Шаардык кеңештин депутаты Канат Музуралиев мэрлер тууралуу буларды айтты:

Экс-мэрлерди кармоо адатка айланды

«Мэрлер алмашканы менен мэриянын ичиндеги кызматкерлер оошкон жок да. Биринчи мэриянын ичине реформа кылуу керек. Ошондо көп нерселер токтойт. Көрүп жатпайсыңарбы, мэрлер кызматка келерде аябай акылдуу сөздөрдү айтып келишет, бирок креслого отургандан кийин убадалар аткарылбай калат. Эмне үчүн? Анткени анын тегерегиндеги адамдар мурдагы эле иштерге баш-оту менен киргизип коет. Жалгыз адам эчтеке кыла албайт. Мына Балбак Түлөбаев да 2-3 ай иштеди, «ушул убакытта эле бир топ кыңыр иштерди кылып кетти» деп айтылып жатат, «акча жасап кетиптир» деп айтылып жатат. Анын баарына мэриядагы система, туруктуу схема түрткү болуп калат.

Калаа башчыларынын арасынан кичине тазараак, жер берүүгө аралашпаганы Кубанычбек Кулматов болду окшойт. Бирок ага мектептин курулушу боюнча иш козгошкон.

Айрыкча жер маселесине Кулматов аралашкан жок. Мисалы, Алмазбек Атамбаев президент кезинде анын жакын адамы Икрамжан Илмиянов жерге байланыштуу Кулматов менен уруша кеткен. Илмиянов: «Жерди ижарага бересиң», — дегенде, Кулматов: «Жерди силерге берип коюп, түрмөгө түшүп калгым келбейт», — деп бербей койгон да эртеси арыз жазып, иштен кеткен. Мен буга өзүм күбө болгом.

Ал эми Албек Ибраимовдун көп кыңыр иштерге тиешеси бар. Азыр аны кармап келип, кайра териштирсе да, бир топ жер тилкелери боюнча кылмыштары ачыкка чыгат. Ал Илмиянов сураган жер тилкелерин ижарага чыгарып берип койгон».

Жогоруда айткандай, Азиз Суракматов шайлоого катышуу үчүн мэрлик кызматын тапшырган. Андан кийин Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышкан Кыргызстан элдик демократиялык партиясын сүрөгөн.

Аталган партиянын алдыңкы тизмесиндеги талапкери Илим Карыпбеков Фейсбуктагы баракчасы аркылуу видео кайрылуу кылып, Суракматовду үй камагына чыгарууну өтүндү.

Ал НДПКнын штаб башчысынын камалышы партиянын ишине таасир этерин айтты.

Суракматов партиянын штаб башчысы катары ишмердигин улантып келе жатат. Анын камакта отурушу партиянын кийинки кадамдарына таасир этиши мүмкүн. НДПКнын кийинки шайлоого катышуусуна же катышпай калуусуна, курамынын өзгөрүшүнө саясий боёк, басым таасир этти деген ойдо калбашыбыз керек. Ошол үчүн анын баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүп берүүңүздөрдү өтүнөбүз. 

Кыргызстанда азыр коррупцияга жана экономикалык иштерге байланыштуу кылмыш иштеринде мурдагы жана азыркы мамлекеттик аткаминерлер жоопко тартылып, мамлекеттен өөнөп алган акчасын кайтаруу, башкача айтканда «кустуруу» саясаты жүрүп жаткан учур.

Бирок көпчүлүк чиновниктер мыйзамсыз ээлеп алган мүлкүнүн жарыбаган бөлүгүн кайтарып, эркиндикке чыгып кетип жатканы элдин кыжырын кайнатып келет.

Экс-мэр Азиз Суракматовдун ишинде коррупциялык схемалар бар экенине саясат талдоочу Марс Сариев ишенет. Ал бул иштин арты менен дагы чоң кылмыштар ачыкталарын айтууда.

«Азиз Суракматов боюнча күч органдарында реалдуу фактылар бар деп ойлойм. Себеби ал мэрликте турганда мыйзамды бузуп, ар кайсы жер тилкелерин коррупциялык схемаларды жасаганы айтылып жатпайбы. Ал бир канча компаниялар, ишкерлер менен жең ичинен сүйлөшүп, туруктуу коррупциялык схема түзгөн деп айтылгандыктан, бул ишти дагы териштирсе чоң фактылар ачыкталат».

Азиз Суракматов 50 жашта. Ал 1994-жылы Кыргыз архитектуралык курулуш институтун инженер-куруучу адистиги боюнча бүтүргөн.

1996-жылы Кыргыз улуттук университетинен юрист адистигинде билим алган.

Эмгек жолун алгач өндүрүш ишканаларында баштаган. 2000-жылы Бишкек мэриясында башкы адис, кийин башкы архитектордун орун басары, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы, «Ата Журт» саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген.

2018-жылы 8-августта Бишкек шаардык кеңеши мэр кылып шайлаган.

Copyright © 2017 Maral FM