Биз менен байланышыңыз

Жаныбек Абировго кылмыш иши козголду. Иштин чоо-жайы

Кыска кабар | 28 мая 2021 | 1724 | 0

Башкы прокуратура Бишкек шаардык бюджетинин сарпталышында коррупциялык фактылар болгонун аныктады.

Мекеменин 28-майда тараткан маалыматына караганда, шаардык бюджеттин киреше бөлүгү жасалма жол менен көбөйтүлгөнү, анын долбоору Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров тарабынан талкуусуз бекитилгени айтылат.

Ошондой эле муниципалдык кызматтардын милдеттери өзгөчө маанилүү жана жооптуу жумуштарга теңдештирилип, эмгек акыларына үстөк акы негизсиз кошулган.

Анын ичинде Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын жана мэринин бир айлык маянасы 120 миң сом жана 150 миң сомго көбөйтүлгөн.

Натыйжада 2019-жылдан 2021-жылдын 1-апрелине чейинки аралыкта мамлекетке 214 млн 581 миң 700 сомдук зыян келтирилгени аныкталган.

Жогоруда көрсөтүлгөн зыян Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировдун жана башка жооптуу кызмат адамдарынын жасаган иштеринен улам келип чыккандыктан, аталган факты боюнча материалдар Башкы прокуратура тарабынан Жазык кодексинин 320-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Copyright © 2017 Maral FM