Биз менен байланышыңыз

Исхак Пирматов депутаттык мандатын тапшырды

Кыска кабар | 28 мая 2021 | 1788 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов депутаттык мандатын тапшырды. Бул тууралуу «Маралга» өзү тастыктап, себебин түшүндүрдү.

«Партиянын тизмесинде бизден кийинки да мыкты азаматтар бар. Биздин иштөө мөөнөтүбүзгө бир ай калды, алар да иштеп калышсын. Менден кийинки катарда Нурбек Мурашев бар, мен мандатымды ошого өткөрүп берейин деген максатта эле тапшырып жатам. Алардын да шайлоочуларына берген убадалары бар».

Исхак Пирматов 2015-жылы «Бир бол» партиясы менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген.

Пирматовдун мандаты бериле турган талапкер Нурбек Мурашев буга чейин Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болгон.

Картошканын баасы менен эсте калган министр эми депутат болот

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM