Биз менен байланышыңыз

Картошканын баасы менен эсте калган министр эми депутат болот

Кыска кабар | 28 мая 2021 | 803 | 0

2018-жылы Кыргызстанда дыйкандар картошкасын сата албай, дээрлик көпчүлүгүнүкү чирип кеткен. Ошол кездеги Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев эми Жогорку Кеңешке депутат болот.

Ага парламент депутаты Исхак Пирматовдун мандаты тапшырылат. Бул тууралуу «Маралга» Пирматов кабарлады. Мурашев «Бир бол» партиясы менен депутаттыкка талапкерлердин тизмесинде болчу.

Мурашев Айыл чарба министри болуп 2016-жылдан 2019-жылга чейин иштеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM