Биз менен байланышыңыз

Тимур Файзиевге издөө жарыяланды

Кыска кабар | 28 мая 2021 | 416 | 0

Аскер прокуратурасынын тергөө тобу тарабынан «Элит Хаус» компаниясынын ээси Тимур Файзиевге издөө жарыяланды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

27-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту Тимур Файзиевди сыртынан камакка алуу чечимин чыгарган. Ага Жаза аткаруу кызматынын №1 абагына камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалган.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жазганына караганда, Тимур Файзиев коррупцияга шектелип жатат. Ал мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында айыпталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM