Зинедин Зидан испаниялык «Реал Мадрид» футболдук клубунун башкы машыктыруучусу кызматынан кетти. Бул тууралуу аталган клуб өзү жарыялаганын Asia-Plus агенттиги жазды.
«Зинедин Зидан башкы машыктыруучулук кызматтан кетүүнү чечти. Биз анын чечимин сыйлашыбыз керек жана ага ыраазычылыгыбызды билдиребиз», — деп айтылат клубдун билдирүүсүндө.
Зидандын «Реал Мадрид» клубу менен түзгөн келишими 2022-жылдын жай айына чейин эсептелген. Буга чейин Зидан аталган клубда 2016-2018-жылдары иштеп, клубду үч жыл катары менен Чемпиондор лигасынын чемпиондугуна жеткирген. Андан кийин ал клубдан кетип, кайра «Реал Мадридге» 2019-жылы кайтып келген.