Connect with us

Курулуш тармагындагы коррупцияга мамлекеттеги бюрократия себепкер

Саясат | 30 Май 2021 | 1833 | 0

«Элит Хаус» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Тимур Файзиев коррупцияга шектелип, ага эл аралык издөө жарыяланды. 27-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Тимур Файзиевди камакка алуу боюнча сыртынан өкүм чыгарды. Файзиевдин камалышын айрымдар ишкерлерге кылган мамиле катары бааласа, дагы бир тарап курулуш тармагында бардык ишкерлер коррупцияга айла жоктон аралашканга туура келе турганын айтышууда. Өлкөнүн ички дүң өндүрүмүндө чоң орду бар курулуш тармагында жалпы абал кандай? Мыйзамдуу иш алып барууга эмнелер тоскоол болот? Өкмөт коррупцияга жол берүүгө канчалык кызыкдар? Темага алдыда кененирээк токтолобуз. 

Кыргызстанда талап кылынган нормативдик документтердин негизинде курулуш тармагында ишкерлик кылса болот, ага эч кандай тоскоолдук жок жана бардык шарттар түзүлгөн. Бирок анын аткарылышы — эң татаал. Ошондуктан кээ бир учурда адам баласынын табиятында болгон сүйлөшүү, катташуу, мамиле куруу жеңип кетет. Тактап айтканда, иштин батыраак бүтүшү үчүн коррупциялык жолдорго барууга туура келет.

Имарат курам деген ишкер жерге документ алуу үчүн Бишкек башкы архитектурасына кайрылат, алар 20 күндүн ичинде карап, уруксат берет. Техникалык шарттар, суу, жылуулук, электр энергиясы кандай жол менен, кайсы жерден өтө турганы боюнча инженерлер көрсөтүп бериши керек. Бирок анын аткарылышы өтө татаал жана оор экенин Курулушчулар союзунун төрагасы Аскарбек Молдобаев билдирди.

Анын айтымында, «Бирдиктүү терезе» борборлору туура иштебей, ишкерлерди ар кайсы документтерди алып кел деп кыйнайт. Мына ошол жерден коррупция башталат.

— Андан кийин имарат курам деген киши архитектуралык бөлүмүн иштеп чыгып, инженердик тармактын долбоорун чыгарып, анын баарын макулдашканга бир топ убакыт кетет. Ал үчүн өрт өчүрүү кызматы, санитардык-эпидемиологиялык станциядан, тигил менен, бул менен, коңшулар менен макулдашуу деген бар. Ошолордун баары бүткөнчө дагы жарым же бир жыл өтөт. Анан ошол жерге келгенде жериң болсо, акчаң турса, дагы бир жыл жүрөсүңбү, эмне кылышың керек? Макулдашуу керек да, туурабы? Анын баары бүткөндөн кийин экспертизага баруу керек. Куруп жаткан имараттын техникалык коопсуздук регламенти деген бар. Анын талаптарын аткаруу үчүн долбоорду иштеп чыгып алып баруу керек. Ал жерде айтат: «мунуң туура эмес экен, тигиниң тигиндей экен» деп ал дагы убакытты созот. Ар бирин аткаруу үчүн 2 жыл кетет. Ак ниет адамдар баарын аткарат, ал эми батыраак болсун деген киши уруксат алганга чейин эле жанагынын баарын чечип, чала-була бүтүрүп, куруп баштайт. Мына ушул жерден коррупциялык схема башталат.

Курулушчулар союзунун төрагасы Аскарбек Молдобаев курулуш тармагындагы экинчи коррупциялык иштер жерди сатып алууда экенин кошумчалады. Курулуш үчүн жерди сатып алуудагы же ижарага алуудагы кыйынчылыктар коррупциялык иштерге жол ачат.

Курулушчулар уруксат кагазын алышы үчүн бир жылга жакын убакыт, тактап айтканда, 190 күн кетет. Ал эми токтомдордо уруксат мөөнөтү таптакыр башкача жазылган. Өзгөчө инженердик техникалык абал (ИТУ, Engineering specification) боюнча уруксат алуу абдан оор экенин «Эмарк Групп» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү, JIA Бизнес ассоциациясынын курулуш комитетинин төрагасы Чолпонбек Акматов айтат.

— Былтыр 2020-жылы пандемия учурунда Орусия, Өзбекстан жана Казакстан курулуш тармагы аркылуу өзүнүн экономикасын түздөп кетти. Миллиарддаган акчаларын ипотекага бөлүп, батир сатуу боюнча биринчи жолу ушундай рекорд коюшту. Сатылган үйлөр эми 3-4 жыл курулуп кете берет. Биз да: «Курулуш тармагын оңдоп кетели, «Бирдиктүү терезени» тапшыралы, чиновниктер менен эч кандай байланыш болбосун», — деп, Министрлер кабинетинин төрагасы Марипов менен үч жолу жолуктук. Биз Грузиядагы, Өзбекстандагы өзгөрүүлөрдү көрүп жатабыз, уруксат кагаздар боюнча көп иштер жасалып жатат. Кыргызстан 2019-жылда «Дуинг бизнес» рейтингинде 86-орунга түшүп калганбыз, ошондуктан бул тармакта аябай көп иштерди жасоо керек. Эки күн мурда тармактык комитеттин депутаттары менен жолугушууда президент менен жолугушуу уюштуруп берүүнү сурандык, чечилбеген маселелер балким ошондо чечилип калат деп. Анан чечилбеген нерселерди биз сотко берип, сот менен чече турган абалга келдик. Мындан сырткары, башка мамлекеттерде курулуш компаниялары негизги кирешесин мамлекеттик буйрутмалардан табышат экен. Мамлекеттик ипотекалык компания буйруса, 4% үстөк менен беребиз деп жатышат. Ошону жаңы курулуш компанияларына берсе деп суранат элек.  

Чолпонбек Акматов кошумчалагандай, бүгүнкү күндө курулуш материалдары кол каптан баштап, арматурага чейин өтө кымбаттап кеткен. Ошондой эле кризиске байланыштуу банктар курулуш тармагын каржылоону токтотууда. Доллардын куну өсүп, бардык товарлар кымбаттаганы менен курулушчулар тескерисинче арзандатып, эптеп сактанып калууга аргасыз болушууда.

Учурда курулуш тармагын тез аранын ичинде сактап калбаса, аны кайра жандантууга 10-15 жыл убакыт сарптала турганын эксперттер эскертишүүдө. Чындыгында курулуш тармагы — экономиканын флагманы, өлкөнүн ИДПсынын 10%ын түзөт. Ошол эле учурда бюджетке чоң өлчөмдө салык төлөп, 100 миңдеген адамды жумуш менен камсыз кылып жатат. Өлкөдө канчалык курулуш обьектилери көп болсо, ошончолук экономиканын жандуулугун аныктап, түздөн-түз реалдуу экономикага көз каранды экенин Чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев белгиледи.

Анын билдиришинче, курулуш тармагы өзү эле өнүгүп кетпейт, базар экономикасынын процесстерине жана кардарлардан көз каранды.

— Реалдуу экономика деген эмне? Бул — өндүрүш, акчанын көлөмү. Мисалы, соода-сатык канчалык жакшы жүрсө, курулуш тармагы ошончолук өнүгөт. Азыркы күндө офисти ижарага беребиз дегендер көп, бирок көпчүлүгү бош турат. Бул пандемияга да байланыштуу жана экономиканын басаңдап токтошунун белгиси. Азыр өлкөдө жумушсуздук күчөп, көп капиталдар чыгып жатат. Ата мекендик экономикабыз реалдуу экономиканын өнүгүшүнө абдан муктаж болуп турат. «Кумтөрүбүздө» да акыркы окуялар болуп жатат, башка өндүрүштөр да басаңдап, токтоп жатат. Ошол эле учурда жалпы эле жакырчылык күчөп баштады. Аны баанын көтөрүлүшүнөн, жумушсуздуктун көрсөткүчүнөн байкап жатабыз. Ушунун баары сөзсүз түрдө курулуш тармагына таасир этет. 

Кыргызстанда бүгүнкү күндө уруксат алуу абдан татаалдашкан. Аны ишкерлердин башын бириктирген бир мекеме түзүп, бир жерден тейлей турган ишкана түзүү менен жеңилдетүүгө болору айтылып келет. Мисалга алсак, Германияда уруксат кагаздарын соода-өнөр жай палатасы берет. Мамлекеттик мекеме эмес, ишкерлерден түзүлгөн, улуттук деңгээлге ээ болгон чоң уюм берет.

Copyright © 2017 Maral FM