Биз менен байланышыңыз

PEAK борбору уюштуруп жаткан конкурска кимдер катыша алат?

Кыска кабар , Пикирлер | 26 мая 2021 | 472 | 0

PEAK ишкердикти жана инновацияларды өнүктүрүү программасы уюштуруп жаткан конкурска  «мен ишкермин же ишкерликти өнүктүрүүгө идеям бар» деген бардык жарандар катыша алат. Бул туурасында аталган программанын өлкөлүк директору Кыял Султанбаева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, конкурста 3 деңгээлдеги критерий бар: биринчи критерий боюнча бизнес ачуу идеясы бар адамдар, экинчи критерий боюнча ишкерлиги өнүгүп, сатууларды жасап аткан жарандар, үчүнчү критерий боюнча өнүккөн бизнес ээлери катыша алат. Бирок ал бизнестин ачылганына 7 жылдан көп болбошу керек. Каалоочулар PEAK борборунун расмий сайтына кирип, сынакка катышууга арыз таштаса болот. Мында аны туура, так жазуу маанилүү, анткени ката кетип калган учурда уюштуруучуларда арыз ээси менен кайра байланышуу мүмкүнчүлүгү жок. Үчүнчүдөн, конкурска катышам деген ишкер сөзсүз түрдө англис тилин билиши керек.

«Бул конкурс Кыргызстандын алкагында өтүп жатканда өзүбүздүн байгелерибиз бар. 1-орунду алган ишкер наркы 5 миң евро турган белекке ээ болот. Ал акчага окуудан өтсө болот, же ишкерлик үчүн керектелүүчү шайман сатып алса болот. Ошондой эле 1-орун алган адам конкурстун Аравияда өтө турган Гранд-финалына жөнөтүлөт. 2-орунду алган адам JIA алкагында 50 сааттык бизнес консультация ала алат. 3-орунду алган ишкер PEAK долбоорунан ментордук акысыз 12 саат ала алат. Бул окутуулар жалаң ишкерликтин алкагында, бизнести өнүктүрүү боюнча болот», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM