Биз менен байланышыңыз

Ырчыларга наам берүүнү эми Эстрада союзу жүргүзөт

Кыска кабар | 25 мая 2021 | 613 | 0

Кечээ, 24-майда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Кыргызстандагы эстрада ырчылары, композиторлор, аранжировщиктер жана продюсерлер менен жолугушуу өткөрдү.

Ал жерде кандай көйгөй көтөрүлүп, эмне маселе козголгонун Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева «Марал» радиосуна айтып берди:

«Жолугушууда маданият тармагындагы көйгөйлөрдү айттык. Сыйлыктар боюнча, жаңы концерттик зал салуу тууралуу, фонограмма менен эмес жандуу үн менен ырдоо деген сыяктуу маселелерди козгоп, 30 жылдан бери биринчи жолу Маданият министри менен бетме-бет отуруп сүйлөштүк. Баарыбыз үчүн жагымдуу болду. Министр: «Эстрада союзун түзүп, директор шайлагыла. Ошол аркылуу комиссия түзүлсүн. Наамга көрсөтүлгөндөр ошол жактан сынактан өтүшсүн. Анан ошолор боюнча биз дагы иштешебиз, тез-тезден жолугуп турабыз», — деди. Социалдык тармактан жалпы топ ачылды. Ал жакта министр да бар. Ой-пикирибизди ошол жактан билдирип турабыз. Мындан тышкары Баткенде чек ара чырында каза болгондордун кыркынан кийин концерт өткөрүү пландары да айтылды».

Булардан тышкары эстрадалык багыттын түптөөчүлөрүнө мамлекеттик денгээлде көңүл бөлүү зарылчылыгы козголду. Ал боюнча министр Кайрат Иманалиев мындан ары эстрада тармагы менен тыгыз иш алып баруу үчүн атайын адис бөлүнгөнүн маалымдады.

Ошондой эле жыйындын катышуучулары министрге иштин кызыкчылыгы жана конкреттүү кадамдарды жасоо үчүн жаңыдан түзүлүп жаткан эстрада ишмерлеринин коомдук уюму менен укуктук талаада иш алып баруу, тиешелүү чечимдерди жамаат менен акылдашып чыгаруу сунушун беришти.

Эске салсак, 2022-жылы кыргыз эстрадасына 60 жыл толот. Курамына 15 профессионал музыкант кирген алгачкы эстрадалык ансамбль 1962-жылы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын алдында түптөлгөн. Топту Чоро Кожомжаров жетектеп, музыкалык аспаптардан комуз-прима, комуз-альт, комуз-бас, аккордеон, бас гитара, электр-орган, урма аспаптар колдонулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM