Биз менен байланышыңыз

Бишкекте коронавирустун эң жогорку көрсөткүчү катталууда

Кыска кабар | 25 мая 2021 | 791 | 0

Бүгүнкү күндө калктын 100 миңине эсептегенде COVID-19 илдетинин эң жогорку интенсивдүү көрсөткүчү Бишкек шаарында катталууда. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч республикалык көрсөткүчтөн 2-3 эсеге ашып кетти.

«Андан кийин Ош шаарында оорунун көп катталган учурлары байкалууда», — деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 25-майга карата коронавирус дагы 298 адамдан аныкталды, ал эми 314 бейтап айыгып чыкса, 8 адам каза болду. Пандемия башталгандан бери 103 миң адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 96 миң 433 киши айыгып чыкса, 1 миң 765 адам каза болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM