Биз менен байланышыңыз

Бишкекте коронавирустан 8 бейтап каза тапты

Кыска кабар | 25 мая 2021 | 381 | 0

Кыргызстанда бүгүн, 25-майга карата дагы 298 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Аймактар боюнча алганда, Бишкек шаарында – 144, Ош шаарында – 23, Чүй облусунда – 86, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 13, Ысык-Көл облусунда – 18, Жалал-Абад облусунда – 5, Ош облусунда – 7 адамдан вирус табылган.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде Бишкек шаарынан – 228, Ош шаарынан – 4, Чүй облусунан – 58, Ош облусунан – 5, Жалал-Абад облусунан – 5, Ысык-Көл облусунан – 8, Талас облусунан – 3 адам, жалпы 314 бейтап сакайып чыкты.

Ал эми акыркы суткада Бишкек шаарында – 8 адам коронавирустан көз жумду.

Пандемия башталгандан бери 103 миң адам коронавируска чалдыгып, анын ичинен 96 миң 433  бейтап айыгып, 1 миң 765 адам каза тапты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM