Биз менен байланышыңыз

Бишкек казыяты чек ара чатагында жабыркагандарга жардам көрсөттү

Кыска кабар | 24 мая 2021 | 462 | 0

Бишкек казыяты шаардагы мечиттерден топтолгон жардамдарды Баткен облусундагы чек ара жаңжалынан жабыр тарткандарга жеткирип берди. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.

Жардам катары 70 даана электр жана газ менен иштей турган плита, 20 муздаткыч Лейлек, Баткен райондоруна жеткирилди. Алардын жалпы суммасы 1,5 миллион сомду түздү.

Белгилей кетсек, бул жардам Бишкек казыятынын атынан келген үчүнчү жардам болуп эсептелет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM