Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги Алтын-Ордо конушуна жаңы мектеп салынат

Кыска кабар | 24 мая 2021 | 461 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Бишкек шаарынын Алтын-Ордо жаңы конушундагы жалпы билим берүүчү жаңы мектептин курулушуна капсула салуу салтанатына катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Улукбек Марипов белгилегендей, социалдык объектилердин курулушу мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат.

«Мектеп өлкөнүн келечегинин символу болуп саналат, себеби инсандын калыптанышы мектептеги курагына туш келет, жалпы билим берүү мекемеси ар бир окуучу үчүн экинчи үйү катары саналат. Келечек муундун кандай болуп калыптанары бизден көз каранды. Балдардын сапаттуу билим алышы үчүн бардык шарттарды түзүүбүз зарыл. Жаңы мектеп жаш муундун келечеги үчүн мыкты негиз болуп, республиканын өнүгүүсүнө өз салымын кошо турган мыкты коомдук жана мамлекеттик ишмерлердин ордосу болот деп ишенем», — деди Улукбек Марипов.

1.13 гектар аянтты ээлеген 3 кабаттуу мектеп 480 орунга ылайыкталган.

Андан соң Министрлер кабинетинин төрагасы Бишкек шаарындагы Сухэ-Батор көчөсүнүн Каралаев көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүнө чейинки бөлүгүңдөгү жолду оңдоо иштерине байкоо салды.

Аталган жолдун курулушу Ахунбаев жана Токомбаев көчөлөрүндөгү, ошондой эле Токомбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги кыймылды азайтууга мүмкүндүк берет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM