Биз менен байланышыңыз

Мыйзамсыз жер тилкесин аялына каттатып койгон архитектор аныкталды

Кыска кабар | 24 мая 2021 | 635 | 0

Бишкек шаарынын райондорунун биринин мурдагы башкы архитектору мораторий киргизилген жер тилкесине мыйзамсыз архитектуралык-техникалык корутунду даярдап, аялына каттатып койгону аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасы, мэриянын жер ресурстарын башкаруу кызматы, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин шаардык бөлүмү жана Бишкек шаарындагы жер тилкелерди ижара шартында мөөнөттүү пайдаланууга берүү комиссиясынын кызматкерлери тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз бергенин тастыктады.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен чогултулган материалдар Жазык кодексинин 320-беренесинин («кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM