Биз менен байланышыңыз

Мелис Аспековго дагы бир кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 24 мая 2021 | 472 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети активист Мелис Аспековго карата дагы бир кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМКга Б.Л. аттуу жарандан Мелис Аспековдун «күйөө балаңды түрмөдөн чыгаруу жагын чечип берем» деген шылтоо менен 15 миң доллар алганы боюнча арыз келип түшкөн. Тактап айтканда, Мелис Аспеков Б.Л. аттуу жарандын кызын «күйөөңдү түрмөдөн чыгарып берем» деп алдап, анын батирин аялынын атына жаздыртып алган.

Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси («алдамчылык») боюнча Мелис Аспековго карата сотко чейинки тергөө башталды.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Мелис Аспеков Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 колониясына камакка алынган.

Азыркы учурда тергөөнүн алкагында Аспековдун дагы башка ушул сыяктуу алдамчылык фактыларына катышы бар экени текшерилүүдө.

Эскерте кетсек, активисттер Мелис Аспеков жана Улан Жураев январь айынын башында «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң АКШ долларын талап кылган деген шек менен кармалган.

26-январда сот Улан Жураевди үй камагына чыгарган. Маалым болгондой, ал Башкы прокуратура менен кызматташууга макул болгон.

Copyright © 2017 Maral FM