Биз менен байланышыңыз

Марипов Гүлчө дарыясындагы дамбанын абалы менен таанышты

Кыска кабар | 24 мая 2021 | 468 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө дарыясына курулган дамбанын абалы менен таанышты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, Совет мезгилинде курулган узундугу 3650 метрлик дамбанын 1224 метри гана жаңыланган. Суу деңгээли көтөрүлгөн учурда дамбанын оңдолбогон тилкелери жергиликтүү тургундар үчүн кооптуу болушу мүмкүн.

Министрлер кабинетинин төрагасы дамбаны жаңылоо процессин тездетүүнү тапшырды.

Андан соң Улукбек Марипов Гүлчө айылына барып, жалпы аянты 1520 чарчы метр эсептелген имараттын абалы менен таанышты, аны Калкты тейлөө борборуна кайрадан жабдуу пландаштырылууда.

«Бул жерде тейлөө борборун куруу идеясы кубандырат, бүгүнкү күндө калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багыт алуудабыз. Имараттын аянты көлөмдүү, андыктан анын бир бөлүгүн башка мамлекеттик органдардын муктаждыгы үчүн бөлүү сунушун колдоого алам», — деп белгиледи ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM