Биз менен байланышыңыз

Эртең Чүй облусунун милициясы күчөтүлгөн тартипте иштейт

Кыска кабар | 24 мая 2021 | 306 | 0

Окуу жылынын аяктап баратканына байланыштуу Чүй облусунун аймагында 19-майдан тарта атайын рейддер уюштурулуп жатат. Ал 26-майга чейин созулат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Бул иштер үчүн Чүй облустук ички иштер органдарынан 420 кызматкер тартылган.

Атайын рейд мектеп окуучуларынын жана бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо жана тартип бузууларды алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Облуста «Акыркы коңгуроо» салтанатын билим берүү мемемелеринде белгилөөгө тыюу салынган.

«Андыктан Чүй облусундагы милиция кызматкерлери өспүрүмдөрдүн жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында рейд өткөрүшүүдө. Милиция кызматкерлери тарабынан эс алуучу жайларга же эс алуучулар чыгууга мүмкүн болгон жерлерге жоопкерчиликтүү кызматкерлер дайындалган. Кафе, ресторандарды, парктарды жана эс алуучу жайларды кыдырып, алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн милиция кызматкерлери тарабынан мобилдик топтор түзүлгөн. Кымбат баалуу автоунааларды арендага берген жарандар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

«Акыркы коңгуроо» күнү ар түрдүү тартип бузууларды болтурбоо максатында ички иштер органдарынын кызматкерлери мектеп мугалимдери менен биргеликте ата-энелерге чогулуш өтүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Коомдукт тартипти бузган жана мыйзамсыз аракеттерди кылган жарандар жоопкерчиликке тартылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM