Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз алтын» «Центерра» компаниясынын айыптоолоруна жооп берди

Кыска кабар | 24 мая 2021 | 565 | 0

«Кыргыз алтын» ААК канадалык «Сenterra Gold Inc.» компаниясынын 29 миллион доллардай которуулар боюнча айыптоосуна жооп берди.

«Кыргызалтын» ишканасынын маалымат кызматы билдиргендей, 12-майда жана кийинки күндөрү эч кандай финансылык операциялар жүргүзүлгөн эмес.

Кыргыз Өкмөтү «Кумтөр Голд Компани» ишканасын сырттан башкарууга алгандан кийин Centerra билдирүү тараткан. Анда «Кыргыз алтын» мыйзамсыз түрдө транзакция кылууга аракет жасаганы айтылган.

«Ошондой эле кыргызстандык ишкана жасалма төлөм документтер менен алектенбейт. «Кыргызалтын» ар дайым мыйзамды сыйлайт жана атагы чыккан, кадыр-баркы жогору баалаган акционердик коом болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.

Компаниядан кошумчалашкандай, сөз болуп жаткан 12-май күнү «Кыргыз алтын» алтынга байланыштуу эч бир операция кыла алмак эмес. Анткени сырттан башкаруу токтомун парламент 17-май күнү кабыл алган.

Copyright © 2017 Maral FM