Биз менен байланышыңыз

Маданият министрлиги Улуттук программа жазып чыкты

Кыска кабар | 24 мая 2021 | 506 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан даярдалган «2031-жылга чейин маданият тармагын өнүктүрүү» Улуттук программасы талкууланды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Программаны министр Кайрат Иманалиев сунуштап, талкууга борбордук маданий мекемелердин жетекчилери, маданий ишмерлер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Улуттук программада маданият жана искусствонун бардык социалдык жана ченемдик-укуктук маселелери конкреттүү көрсөтүлүп, аларды чечүү жолдору сунушталган.

Жыйындын башында Кайрат Иманалиев өзү жетектеген тармактарда министрлик тарабынан жасалган иштер боюнча кыскача маалымат берди.

Талкуу учурунда тармактагы көйгөйлөр айтылып, учурдун талабына ылайык санариптештирүү иштери, тарыхый-маданий мурастарды, улуттук маданиятты, классикалык искусство жанрын аздектөө, сактоо, коргоо жана жайылтуу сыяктуу жагдайлар талкууланып, бир катар сунуштар берилди.

Жыйынтыгында Улуттук программа жалпы жонунан жактырылды. Ошондой эле ар бир тармак боюнча кошумча, толуктоочу сунуш-пикирлерди берүү макулдашылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM