Биз менен байланышыңыз

Марипов Ариповду 60 жылдык юбилейи менен куттуктады

Кыска кабар | 24 мая 2021 | 392 | 0

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен кабарлашты.

Анда Улукбек Марипов Абдулла Ариповду 60 жылдык юбилейи менен куттуктап, Өзбекстандын бакубат гүлдөп-өнүгүүсү үчүн жоопкерчиликтүү мамлекеттик кызматында ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, стратегиялык өнөктөштүк жана достук маанайдагы коңшулук мамилелерди чыңдоого жана кеңейтүү боюнча талкуулашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM