Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирустан 6 бейтап каза болду

Кыска кабар | 24 мая 2021 | 568 | 0

Кыргызстанда бүгүн, 24-майга карата дагы 191 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Аймактар боюнча алганда, Бишкек шаарында – 121, Ош шаарында – 11, Чүй облусунда – 28, Талас облусунда – 6, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 11, Жалал-Абад облусунда – 4, Ош облусунда – 2 адамдан вирус табылган.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде Бишкек шаарынан – 224, Ош шаарынан – 7, Чүй облусунан – 64, Ош облусунан – 5, Нарын облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 4, Талас облусунан – 2 адам, жалпы 308 бейтап сакайып чыкты.

Ал эми акыркы суткада Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 1, Талас облусунда – 1, жалпы 6 адам коронавирустан көз жумду.

Пандемия башталгандан бери 102 миң 702 адамга коронавируска чалдыгып, анын ичинен 96 миң 119  бейтап айыгып, 1 миң 757 адам каза тапты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM