Биз менен байланышыңыз

Марипов: Тажикстан менен байланыш чек ара чечилгенге чейин токтотулган

Кыска кабар | 23 мая 2021 | 766 | 0

Тажикстан менен болгон байланыш чек ара чечилгенге чейин токтотулган. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек арадагы айылдарынын эли менен болгон жолугушуусунда билдирди.

«Бүгүнкү күндө биз үчүн чек ара маселеси – эң маанилүү маселелердин бири. Бул маселени чечүү үчүн бардык күч-аракеттер жумшалуда. Биз аны сөзсүз түрдө чечебиз. Жакында көйгөйлүү маселелерди чечкенге чейин Тажикстан Республикасы менен мамлекеттик чек ара аркылуу кыймылды толук токтотуу чечими кабыл алынды. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин чечүү менен катар биз чектерибизди чыңдоо максатын коюудабыз. Ал үчүн биздин чек арачылар үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүдөбүз. Мамлекетик чек араны чыңдоо маселесинде жергиликтүү тургундар маанилүү ролду ойнойт. Ошондуктан сиздерди сабырдуулукка жана түшүнүшүүгө чакырам. Чектеш аймакта жашоонун маанисин мында жашаган тургундар мыкты түшүнөт. Мен ар дайым бул адамдарды элибиздин баатырлары катары белгилеп келем. Дагы бир ирет кайталап кетем: биздин негизги максатыбыз – карапайым калктын жашоо-турмушун жакшыртуу. Ал үчүн зарыл нерселерди биз ырааты менен биргеликте ишке ашырабыз», — деди Улукбек Марипов.

Андан соң Министрлер кабинетинин башчысы «Карамык» чек ара заставасына барып, «Карамык — автожол» жаңы өткөрүү пунктунун курулушу менен таанышты.

Өткөрүү пунктунда чек ара, бажы, санитардык-карантиндик, ветеринардык-фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл жүргүзүлөт.

Обьекттеги курулуштун негизги бөлүгү апрелде жыйынтыкталган, өткөрүү пункту бажы кызматына берилген. Бардык курулуш иштери жыйынтыкталган соң, өткөрүү пункту толугу менен пайдаланууга берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM