Биз менен байланышыңыз

Бразилия өлкөсү президентин айыпка жыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 23 мая 2021 | 621 | 0

Бразилиянын президенти Жаир Болсонаро ири иш-чарага катышканы жана анда беткапсыз жүргөнү үчүн өз өлкөсүнө айып пул төлөйт.

Иш-чара Мараньян штатында өткөн. Айып пул боюнча журналисттердин суроолоруна штаттын губернатору Флавио Дино: «Мыйзам баарына бирдей», — деген жооп узаткан.

Бразилия өлкөсүндө «ар кандай иш-чараларда катышуучулардын саны 100дөн ашпашы керек» деген чектөө бузулуп, президент менен жолугушууга 500дөн ашуун адам келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM