Биз менен байланышыңыз

«Евровидение-2021» ыр сынагында баш байге италиялык топко берилди

Дүйнө , Кыска кабар | 23 мая 2021 | 922 | 0

«Евровидение-2021» ыр сынагында Италиядан келген «Maneskin» рок тобу баш байге алды. Сынактын финалы кечээ, 22-майга караган түнү Нидерландынын Роттердам шаарында өттү.

Топ «Zitti E Buoni» ырын аткарып, көрүүчүлөрдүн жана калыстар тобунун добуштарынын негизинде 524 упай топтогон.

Экинчи орунду Франциянын ырчысы Барбара Прави «Voilà» ыры менен, ал эми үчүнчү орунду Швейцариядан барган Gjon’s Tears «Tout l’Univers» жеңип алды.

Ал эми Орусиянын атынан катышкан тажик кызы Манижа 204 упай менен тогузунчу орунду ээледи.

«Евровидение» сынагы — 1956-жылдан бери уюштурулуп келет. Быйыл мааракелик — 65-айлампасы өттү. Буга чейинки сынак 2019-жылы Израилде болуп, анда Нидерландынын ырчысы Дункан Лоуренс жеңген. 2020-жылы жеңген ырчынын өлкөсүңдө өтөрү белгиленип, пандемиядан улам 2021-жылга жылдырылган.

Эрежеге ылайык, кийинки сынак баш байге алган ырчынын өлкөсүндө өтөт. Тактап айтканда, «Евровидение-2022» сынагын Италия өлкөсү өткөрүп берүүгө тийиш.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM